ИНСПЕКЦИЯ ЖАНА АНАЛИТИКАЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО
Жарыяланган: 18 April 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 27.04.2025, 18:00го чейин.
«Кумтор Голд Компани» ЖАК 2025-жылдын жай мезгилинде өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 жана 4-курстарынын студенттерин инспекция жана аналитикалык лаборатория бөлүмүнө тандоону жүргүзөт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 же 4-курстарынын студенттери (5 жылдык окуу болсо, 4-курс каралат) төмөнкү багыттар боюнча: «Химия», «Химиялык технологиялар», «Гидротехника», «Физика»;
- Лабораториялык жабдууларды (спектрометрлер, титраторлор, тыгыздык өлчөгүчтөр ж.б.) жана программалык камсыздоону билүү артыкчылыкка ээ;
- Химиялык реагенттер менен иштей билүү;
- Аллергиялык оорулардын жоктугу;
- Кошумча көндүмдөр (тилдерди билүү, компьютердик программалар ж.б.) артыкчылыкка ээ.
Милдеттер:
- Белгиленген жетекчинин тапшырмаларын аткаруу;
- Инспекция жана аналитикалык лаборатория бөлүмүнүн иш процесстерин үйрөнүү;
- Каттоо, сорттоо, кургатуу, элегирлөө анализин жүргүзүү жана үлгүлөрдү даярдоо;
- Грунттун гранулометриялык курамын, тыгыздыгын жана нымдуулугун аныктоо боюнча үлгүлөрдү алуу жана сыноолорду жүргүзүү;
- Өз иш бөлүмүндө коопсуздукту жана өндүрүмдүүлүктү камсыз кылуу;
- Жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин сактоо.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү практика;
- Мөөнөтү – 31.08.2025 чейин;
- Өтүүчү жер – Кумтөр кени;
- График – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн:
Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 27-апрелине чейин саат 18:00гө чейин шилтеме аркылуу тапшыруу.
Тестирлөө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.