ДЕН СООЛУКТУ, ЭМГЕКТИ ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУН КОРГОО БӨЛҮМҮНҮН АВАРИЯЛЫК-КУТКАРУУ КЫЗМАТЫНА 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО
Жарыяланган: 18 April 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 27.04.2025, 18:00го чейин.
«Кумтор Голд Компани» ЖАК 2025-жылдын жай мезгилинде өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 жана 4-курстарынын студенттерин ден соолукту, эмгекти жана өнөр жай коопсуздугун коргоо бөлүмүнүн авариялык-куткаруу кызматына тандоону жүргүзөт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 же 4-курстарынын студенттери (5 жылдык окуу болсо, 4-курс каралат) төмөнкү багыттар боюнча: тоо-кен куткаруу иши, өрт коопсуздугу ж.б.;
- Эмгекти коргоо, өнөр жай коопсуздугу жана өзгөчө кырдаалдарда тобокелдиктерди башкаруу боюнча билимдер;
- Жоопкерчилик, стресске туруктуулук, жогорку жүктөм жана өзгөчө кырдаалдар шарттарында иштей билүү;
- Эмгек коопсуздугу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча нормативдик документтер менен иштей билүү;
- Техникалык куткаруу жабдуулары менен иштөө боюнча негизги билимдер жана көндүмдөр (тиешелүү курстар же тренингдер болсо);
- Коллективде иштей билүү, коммуникабелдүүлүк, үйрөнүүгө даярдык;
- Өзгөчө кырдаал шарттарында кырдаалды талдоо жана оперативдүү чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгү;
- Авариялык-куткаруу иштеринде практикалык билимдерди алууга каалоо жана умтулуу;
- Microsoft Office стандарттык пакетин колдоно билүү (Corel, Visio, AutoCAD программаларын билүү артыкчылыкка ээ).
Милдеттер:
- Кумтор кениндеги авариялык-куткаруу кызматынын ишин жөнгө салуучу нормативдик-укуктук актылар жана стандарттар менен таанышуу;
- Коопсуздук боюнча отчеттуулукту даярдоого жана системалардын жана жабдуулардын абалын мониторинг жүргүзүүгө жардам берүү;
- Рудниктеги өндүрүштүк объекттерде тобокелдиктерди баалоого катышуу жана бул тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жардам берүү;
- Куткаруу командаларынын ишин уюштурууга жана кызматкерлерге өрт өчүрүүчү техникалык минимум боюнча нускамаларды өткөрүүгө жардам берүү;
- Рудниктеги өзгөчө кырдаалдар боюнча маалыматтарды чогултуу жана системалаштыруу;
- Өзгөчө кырдаалдарда аракеттер планын иштеп чыгууга жана тестирлөөгө катышуу;
- Куткаруу жабдууларын жана техникаларын тейлөө жана техникалык тейлөө иштерин уюштурууга жардам берүү;
- Окуялар болгон учурда башка коопсуздук кызматтары жана башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү процедурасы менен таанышуу;
- Өрт коопсуздугу боюнча адистерге жана техникаларга жардам берүү.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү практика;
- Мөөнөтү – 31.08.2025 чейин;
- Өтүүчү жер – Кумтөр кени;
- График – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн:
Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 27-апрелине чейин саат 18:00гө чейин шилтеме аркылуу тапшыруу.
Тестирлөө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.