ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО
Жарыяланган: 18 April 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 27.04.2025, 18:00го чейин.
«Кумтор Голд Компани» ЖАК 2025-жылдын жай мезгилинде өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 жана 4-курстарынын студенттерин инженердик-геологиялык бөлүмүнө тандоону жүргүзөт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 же 4-курстарынын студенттери (5 жылдык окуу болсо, 4-курс каралат) төмөнкү багыттар боюнча: «Маркшейдердик иш», «Ачык тоо-кен иштери», «Пайдалуу кендерди жер астында иштетүү», «Тоо-кен өндүрүшүнүн физикалык процесстери», «Жер астындагы сууларды издөө жана чалгындоо жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр», «Пайдалуу кендерди издөө жана чалгындоо»;
- Microsoft Office жана AutoCAD программаларын ишенимдүү колдонуучу;
- Англис тилин билүү (жабдууларды колдонуу үчүн каалоо);
- Белгиленген график боюнча иштөөгө даярдык;
- Тактык, командада иштей билүү;
- Жакшы физикалык формада болуу, медициналык жактан бийик тоо кенинде иштөөгө жарамдуулук.
Милдеттер:
- Геодезиялык приборлорду, инструменттерди жана алардын колдонулушун үйрөнүү жана өздөштүрүү;
- Геодезиялык инструменттерди колдонуу менен маркшейдердик съемканы жана чыгарууну коопсуз жүргүзүү;
- Ишенимдүү натыйжаларды алуу үчүн шламдык үлгүлөрдү тандоо методикасын үйрөнүү;
- Карьердин капталдарынын геологиялык жана структуралык документтерин үйрөнүү;
- Карьердин капталдары боюнча мониторингдик чекиттерди орнотуу жана алуу боюнча көрсөтмөлөргө ылайык иштерди коопсуз аткаруу, пьезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди, экстензометрлерди орнотуу жана алуу;
- Объекттерге жана курулуштарга тиешелүү бардык талаптарды сактоо;
- Жардыруу иштери боюнча жалпы түшүнүктөр менен таанышуу. Тоо тектердин физика-механикалык касиеттеринин жана БЖИ параметрлеринин жардыруу сапатына тийгизген таасири.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү практика;
- Мөөнөтү – 31.08.2025 чейин;
- Өтүүчү жер – Кумтөр кени;
- График – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн:
Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 27-апрелине чейин саат 18:00гө чейин шилтеме аркылуу тапшыруу.
Тестирлөө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.