ТОО-КЕН ӨНДҮРҮШ БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО
Жарыяланган: 17 April 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 27.04.2025, 18:00го чейин.
ЖАК «Кумтор Голд Компани» 2025-жылдын жай мезгилинде өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 жана 4-курстарынын студенттерин тоо-кен өндүрүш бөлүмүнө тандоону жүргүзөт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун 3 же 4-курстарынын студенттери (5 жылдык окуу болсо, 4-курс каралат) төмөнкү багыттар боюнча: «Ачык тоо-кен иштери», «Пайдалуу кендерди жер астында иштетүү», «Маркшейдердик иш»;
- Кыргыз жана орус тилдерин билүү;
- Белгиленген график боюнча иштөөгө даярдык;
- Тактык, командада иштей билүү;
- Жакшы физикалык формада болуу, медициналык жактан бийик тоо кенинде иштөөгө жарамдуулук.
Милдеттер:
- Башка структуралык бөлүмдөр менен ишкердик өз ара аракеттенүүгө активдүү катышуу;
- Жаңы көндүмдөрдү алуу жана аларды өркүндөтүү;
- Өндүрүштүк циклдерди жакшыртууга багытталган процесстерге катышуу.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү практика;
- Мөөнөтү – 31.08.2025 чейин;
- Өтүүчү жер – Кумтөр кени;
- График – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн:
Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 27-апрелине чейин саат 18:00гө чейин шилтеме аркылуу тапшыруу.
Тестирлөө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.