«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ»: ЭКОЛОГИЯЛЫК КАТАСТРОФА ТУУРАЛУУ БИЛДИРҮҮЛӨРДҮН ЭЧ КАНДАЙ НЕГИЗИ ЖОК

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ»: ЭКОЛОГИЯЛЫК КАТАСТРОФА ТУУРАЛУУ БИЛДИРҮҮЛӨРДҮН ЭЧ КАНДАЙ НЕГИЗИ ЖОК

Жарыяланган: 15 March 2025

КР Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун геоботаника жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары боюнча лабораториясынын башчысы Адилет Усупбековдун КР Жогорку Кеңешинин «Альянс» фракциясынын отурумунда жасаган билдирүүсү боюнча «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому төмөнкүлөрдү билдирет.

КР Улуттук илимдер академиясынын кызматкери Адилет Усупбековдун экологиялык кырсык тууралуу пикиринин эч кандай объективдүү негизи жок.

Учурда бош тоо тектердин иш жүзүндөгү жылуусу 2023-жылдагы болжолдун тегерегинде жана 2025-жылдагы болжолго жеткен жок. Бош тоо тектердин 2025-жылдагы чегине чейин 160 метр, ал эми Кумтөр дарыясына чейин бир километрге жакын аралык бар экенин белгилей кетүү керек.

Изилдөөлөрдүн натыйжалары бош тоо тектердин геотехникалык абалынын өзгөрүшүн болжолдоого жана алардын туруктуулугун камсыз кылуу, көчкү, суулардын булганышы сыяктуу экологиялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча сунуштарды берүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, бош тоо тектер – бул эч кандай зыяндуу химиялык элементтери жок жана айлана-чөйрөгө коркунуч туудурбаган кадимки эле тоо массасы. Ошону менен бирге компания айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине жана кендеги бүтүндөй өндүрүш процессинин экологиялык талаптарга ылайык келишине өзгөчө көңүл бурат.

Бош тоо тектерди төгүү процесси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда бардык зарыл болгон макулдашуулардан жана экспертизалардан өткөн техникалык жана атайын тоо-кен долбоорлоруна ылайык жүргүзүлөт.

Бул долбоорлор бош тоо тектердин кыймылын болжолдоо боюнча эл аралык жана жергиликтүү консультанттар тарабынан даярдалган отчетторго негизделген.

Тактап айтканда:

  • «Геотехникалык объектилердин туруктуулугу боюнча илимий долбоорлоо лабораториясы» ЖЧКсы «2020-жылдан 2031-жылга чейинки мезгилдеги Чоң-Сарытөр өрөөнүндөгү Кумтөр кен жайынын бош тоо тектеринин кыймылын сандык моделдөө», 2021-ж.
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтуна караштуу «Геосервис» илимий-өндүрүштүк борбору «Кумтөр» кен жайындагы (Чоң-Сарытөр жана Кичи-Сарытөр өрөөнү, Лысый суусунун өрөөнү) бош тоо тектердин туруктуулугуна баа берүү жана болжолдоо», 2021-ж.
  • Эл аралык SRK Consulting Limited компаниясы “Кумтөр” кен жайындагы Борбордук жана Сарытөр өрөөндөрүндөгү бош тоо тектерди төгүү долбооруна геотехникалык баа берүү”, 2021-ж.

Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Машина куруу, автоматика жана геомеханика институту, «Аскатеш» инженердик борбору «2024-2041-жылдар үчүн Кумтөр кен жайынын Чоң-Сарытөр өрөөнүндөгү бош тоо тектердин кыймылын сандык моделдөө, жылышын болжолдоо, туруктуулугун баалоо» боюнча илимий-изилдөө иштерин аткарууда.

«Кумтөр Голд Компани» илимий коомчулукту жана экологдорду далилсиз билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырат.