Жарыяланган: 10 January 2025
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жетекчиси – Башкармалыктын төрагалыгына Бузурман Субанов шайланды. Тиешелүү чечим «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Мүдүрлөр кеңеши тарабынан кабыл алынды.
Компаниянын Мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов Бузурман Субанов тоо-кен тармагы боюнча такшалган адис, жетекчилик тажрыйбасы мол жаңы муундагы менеджер экенин белгилеп, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.
Компаниянын жаңы жетекчиси өлкөбүздүн эң алдыңкы өндүрүшү катары «Кумтөр Голд Компани» мындан да жаңы бийиктиктерге жетишээрине ишеничин билдирип, «Кумтөрдүн ынтымактуу, кесипкөй жамааты менен биргеликте алдыга коюлган бардык милдеттерди так аткарабыз»-деди.
Ал эми буга чейин «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилик кызматын аркалаган Алмазбек Барыктабасов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан өз каалоосу менен бошотулган.