ВИДЕО — КУМТӨР БАЛДАРДЫ РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨНҮ КОЛДОО БОРБОРУНА КАРЖЫЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ

ВИДЕО — КУМТӨР БАЛДАРДЫ РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨНҮ КОЛДОО БОРБОРУНА КАРЖЫЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ

Жарыяланган: 24 December 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна (мурдагы Балдар үйү) жабдууларды жана оргтехникаларды сатып алуу үчүн 260 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөттү. Ошондой эле Жаңы жылдык белектер таратылды.

Буга чейин компанияга жардам берүү өтүнүчү менен аталган социалдык мекеменин жетекчилиги кайрылган.

Ата-энесинин жана туугандарынын камкордугусуз калган балдарды колдоо менен алектенген уюмдарга колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, «Кумтөр Голд Компани» Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна каржылык жардам берүү менен Жаңы Жылдык белектерди да тартып келди.

Белгилей кетсек, аталган борбор 4 жашка чейинки балдарды (жетим же кароосуз калган, баш тартылган, репатриацияланган балдар, ошондой эле ата-энесинин камкордугусуз калгандар) тарбиялоо жана ден соолугун чыңдоо менен алектенет. Ошондой эле майып балдары бар үй-бүлөлөргө да реабилитациялык кызматтарды көрсөтөт.