ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 04 November 2024

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 19.11.2024, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Геологиялык чалгындоо бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • «Тоо-кен инженер-геологу» адистиги боюнча жогорку билим (2024-жылдан 2019-жылдарга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
  • Өз адистиги боюнча практика өтүү же иш тажрыйбасы артыкчылык болот;
  • Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
  • Натыйжалуулук жана тартип;
  • Компьютерди ишенимдүү колдоно билүү, MS Office программасын билүү,
  • Тактык, командада иштей билүү;
  • Орус тилин жакшы билүү, англис тилин билүү;
  • 3D моделдөө программалары, ГИС жана реляциялык маалымат базалары менен иштөөгө кызыгуу жана жөндөмдүүлүк.

Милдеттери:

  • Түздөн-түз жетекчинин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткаруу;
  • Коопсуздук эрежелерин жана компаниянын саясатын сактоо;
  • Геологиялык материалдарды санариптештирүү жана маалыматтарды иштетүү (векторизация);
  • Геологиялык маалыматтар базасын текшерүү жана аныктыгын тастыктоо;
  • Атайын программаларда геологиялык маалыматты алгачкы иштетүү: DatamineEM/ RM Leapfrog, Gemcom, QGIS;
  • Геологиялык отчеттордун графикалык жана тексттик тиркемелерин даярдоого көмөк көрсөтүү;
  • Кернди жана тоо-кен иштерин документке түшүрүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек шаары
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2024-жылдын 19-ноябры, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.