«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЭКСПО-2024 КӨРГӨЗМӨСҮНӨ КАТЫШУУДА

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЭКСПО-2024 КӨРГӨЗМӨСҮНӨ КАТЫШУУДА

Жарыяланган: 25 October 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому «ЭКСПО-2024» көргөзмөсүнө катышууда.

Көргөзмөгө келгендер КГКнын Токмок шаарындагы филиалы – Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводунун продукциялары менен да тааныша алышат.

Заводдун директору Александр Сметаниндин айтымында, бул көрөзмө Борбор Азия аймагындагы уникалдуу өндүрүш болуп саналган заводдун продукцияларын дагы бир жолу көпчүлүккө көрсөтүүгө эң жакшы мүмкүнчүлүк болуп бермекчи.

«ЭКСПО-2024 көргөзмөсүнүн алкагында биз сатып алуучулар менен ишкердик байланыштарды түзүүнү көздөп жатабыз. Завод жакынкы айларда толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыкканы турат. Муну менен продукцияларыбыздын көлөмү дагы да көбөймөкчү. Резина күкүмдөрүнө болгон рыноктогу суроо-талаптарды толук канаттандырууга аракет кылуудабыз» – деди Александр Сметанин.

Маалымат үчүн: Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводу 2023-жылы август айында тесттик режимде ишке берилген. КГКнын филиалы болгон бул ишкананын негизги милдети – кен жайында колдонулуучу автоунаалардын дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү жана калыбына келтирүү. Толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыккандагы өндүрүштүк кубаттуулугу саатына 2 тоннага чейин жетет. Жылына 2000ге чейин чоң жана 8000ге чейин орто дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүгө ылайыкталган.