Сатып алуу стратегиясы

Сатып алуу стратегиясы

Жергиликтүү сатып алуулардын көлөмүн көбөйтүү аракетинде КГК кызматкерлери этика, айлана-чөйрөнү коргоо, ден соолук жана коопсуздук, жана башка негизги чөйрөлөрдө стандарттык операциялык саясаттарды жана процедураларды колдонушат.

Белгилей кетсек, башка алтын казуучу ишканалардагыдай эле биз көзөмөлдөй турган бир гана нерсе бул өндүрүштүн өздүк наркы. Ошентип, биз үчүн рыноктун туруктуулугунун факторлорун, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана баасын сатып алууда эске алуу маанилүү. «Кумтөрдүн» артыкчылыктуу багыттарынын бири мүмкүн болушунча жергиликтүү товарларды сатып алуу болгонуна карабастан, биз үчүн жергиликтүү жеткирүүчү ишканалардын товарлары жана кызматтары белгиленген критерийлерге жооп бериши абдан маанилүү.

Жергиликтүү сатып алуулар боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үчүн биз бир катар чараларды көрдүк, мисалы, жергиликтүү гезиттерде, биздин веб-сайтта жана мамлекеттик сатып алуулар порталында талаптарыбызды жарыялоо, сатып алуу процесси боюнча презентацияларды өткөрүү, ошондой эле эл аралык рынокто сатып алынгандардын ордуна жергиликтүү рынокто сатып алууга мүмкүн болгон товарларды жана кызматтарды аныктоо.

Компания Кыргыз Республикасынын жарандары негизги ээлик кылган ишканаларга артыкчылык берет жана мүмкүн болушунча кенге жакын жайгашкан ишканаларга колдоо көрсөтөт. Бирок, КГК, эгерде ушуга окшош ишканалар өлкөдө буга чейин бар болсо, жергиликтүү жана/же регионалдык деңгээлде жаңы жеткирүүчү ишканаларды түзүүгө түрткү бербөөнү камсыз кылууга тийиш. КГК жеткирүүчүлөрдүн ортосунда сергек атаандаштыкты жактаса да, айрым товарларды жана кызматтарды жеткирүү үчүн кошумча шарттарды түзүү туруксуз суроо-талапты жаратат, бул бардык жеткирүүчүлөргө терс таасирин тийгизет.

Бардык учурларда Кумтөрдүн сатып алуулар боюнча көрсөтмөлөрү бизнес ээлеринин ишенимдүүлүгүн текшерүү үчүн колдонулат. Ошондой эле, Кумтөр менен келишим түзүүнү каалаган бардык ишканалар (же уюмдар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын колдонуудагы стандарттарына толугу менен жооп бериши керек жана квалификациядан/аккредитациядан өтүшү керек (шилтеме – Кантип жеткирүүчү ишкана болуу керек).