КЫРГЫЗСТАНДЫК КУТМАН МЕЛИСОВ IRONMAN CALELLA – BARCELONA МЕЛДЕШИНЕ КАТЫШТЫ

КЫРГЫЗСТАНДЫК КУТМАН МЕЛИСОВ IRONMAN CALELLA – BARCELONA МЕЛДЕШИНЕ КАТЫШТЫ

Жарыяланган: 09 October 2024

2024-жылдын октябрында Испаниянын Калелла шаарында дүйнөнүн мыкты триатлончуларын чогулткан эң престиждүү – Ironman Calella – Barcelona мелдеши болуп өттү. Ага 3000дей адам катышты.

Мелдештин шартына ылайык, спортчулар 226,2 чакырым аралыкты багынтып, анын ичинен 3,8 чакырымын сууда сүзүп, 180,2 чакырымын велосипед тээп, марафондук 42,2 чакырымды чуркап өтүшү керек эле.

Бул тоскоолдуктарды мекендешибиз жана кесиптешибиз, Кумтөр кен жайынын техникалык тейлөө бөлүмүнүн улук инженери Кутман Мелисов татыктуу өтө алды.

Мелдешке эч кандай даярдыксыз, кокусунан катышып калган Кутман Мелисов жеңишин жалпы кыргызстандыктарга, Кумтөрдөгү кесиптештерине арнап, бардык кыргыз триатлончуларына шык берди.

Ал марага Кыргыз Республикасынын желеги менен өтүп, өлкөбүздө спорт жанданып, динамикалуу өнүгүп жатканын дагы бир жолу далилдеди.

Кутман Мелисов спорттун бул түрү менен эми олуттуу машыгууларды өткөрүп, Ironmanдын кийинки мелдештеринде мындан да мыкты ийгиликтерди жаратууга белсенүүдө.

«Кумтөр Голд Компани» Мелисовдой кайраттуу кызматкерлери менен сыймыктанат жана жарандардын сергек жашоого, дегеле спорт менен машыгууга болгон каалоолорун ар дайым колдоого алат.