ӨНДҮРҮШ – БУЛ ДАГЫ ИСКУССТВО!

ӨНДҮРҮШ – БУЛ ДАГЫ ИСКУССТВО!

Жарыяланган: 26 September 2024

Балет өнөрүн жалпыга жакындатуу идеясы менен шыктанган «Кумтөр Голд Компани» Бишкек хореографиялык окуу жайынын бүтүрүүчүсү, жаш жана таланттуу бийчи Алина Сметанинанын өзгөчө балет сессиясы үчүн Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунун эшигин ачты.

Балет менен өндүрүштүн мындай айкалышы – эч күтүлбөгөн жерден сулуулукту көрүү канчалык маанилүү экенин эскертет. Искусство бизди бардык жерде курчап турат. Болгону аны сезип, байкап билүү жөндөмүбүздү ойготуу керек.

Бул чакан тасмабыз жүрөктөрдү жумшартып, балет өнөрү бардык жерде кызыктуу жана жагымдуу боло аларын көрсөтөт деп ишенебиз.

Айтмакчы:
Заводдо эки цех бар. Бири жарабаган, эски дөңгөлөктөрдү кайра иштетип, аларды резина күкүмүнө жана болотко айлантат. Ал эми экинчисинде чоң техникалардын дөңгөлөктөрү жаңыланып, кайра колдонууга даярдалат.