ПЕРСОНАЛДЫ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ПЕРСОНАЛДЫ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 02 September 2024

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 16.09.2024, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык такшалмадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн Персоналды башкаруу бөлүмүнө тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Экономика, юриспруденция, табигый-техникалык багыты боюнча жогорку билими тууралуу диплом;
  • Заманбап программалык-техникалык жана офистик жабдууларды мыкты колдоно билүү;
  • Мыкты коммуникация көндүмдөрү;
  • Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон каалоо;
  • Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;

Милдеттери:

  • Кадрлар жана алардын кыймылы менен байланышкан документтерди жүргүзүүгө жана сактоого көмөктөшүү;
  • Иш кагаздарын жана архив иштерин жүргүзүүгө жардам берүү;
  • Ишке орноштуруу боюнча кат алышууну жүргүзүү;
  • Өзүнүн жетекчисинин буйруктарын аткаруу;
  • Ички эмгек тартибинин (компаниянын саясатын) эрежелерин сактоо;
  • Жетекчинин кызмат ордуна тиешелүү буйруктарын жана тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
  • Купуя маалыматты жайылтпоо;

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Бишкек ш. кеңсе
  • Такшалманын графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык зарыл болгон документтерди 2024-жылдын 16 сентябрьда саат 16:00 кеч эмес шилтемени басуу менен тиркеңиз:

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.