КЫРГЫЗСТАНДЫК ТОП-МЕНЕДЖЕРЛЕР КОРПОРАТИВДИК БАШКАРУУНУН ДҮЙНӨЛҮК ТАЖРЫЙБАЛАРЫ БОЮНЧА ОКУУДАН ӨТҮШТҮ

КЫРГЫЗСТАНДЫК ТОП-МЕНЕДЖЕРЛЕР КОРПОРАТИВДИК БАШКАРУУНУН ДҮЙНӨЛҮК ТАЖРЫЙБАЛАРЫ БОЮНЧА ОКУУДАН ӨТҮШТҮ

Жарыяланган: 25 July 2024

Көз карандысыз директорлор палатасы Дүйнөлүк банк тобуна кирген Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) менен өнөктөштүктө Кыргыз Республикасындагы алгачкы “Корпоративдик директор” сертификациондук модуль программасын ийгиликтүү аяктады.

Аталган программа корпоративдик башкаруунун дүйнөлүк тажрыйбаларын ишке ашырууда директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жана топ-менеджменттин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган. Бул тууралуу «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Сертифациялык программасы беш модулдан турат жана корпоративдик башкаруунун негиздеринен тартып, каржылык менеджментте директорлор кеңешинин стратегиялык ролу, тобокелдиктерди башкаруу, ички көзөмөлдүн эффективдүү системасын камсыз кылуу, лидерлик жана адамдык капиталды башкарууга чейинки темалардын кеңири спектрин камтыйт. 

«Курстун программасы абдан бай, учурдагы эл аралык тажрыйбалар жана ар түрдүү тармактардын реалдуу мисалдары менен толтурулган. Биздин компания директорлор кеңешинин үч өкүлүн эл аралык корпоративдик башкаруу чөйрөсүндө алардын квалификациясын жогорулатуу жана билимдерин жаңыртуу максатында өткөрүп берди. Биз бул программаны директорлор кеңешинин буга чейин иштеп жаткан мүчөлөрүнө жана каалагандарга сунуштайбыз», — деди «Кумтөр Голд Компанинин» директорлор кеңешинин төрагасы Идирисов Болотбек.

Ал эми инновациялык курстун методологиясы жана материалдары Швейцария өкмөтү жана Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы (SECO) тарабынан каржыланган Европа жана Борбордук Азиядагы экологиялык, социалдык жана башкаруу (ESG) практикасы боюнча IFC аймактык программасынын алкагында иштелип чыккан.

Окутуу процессинин жүрүшүндө эл аралык эксперттер интерактивдүү ыкмаларды, анын ичинде топтук жана жеке бизнес көнүгүүлөрүн, ошондой эле, практикалык бизнес кейстерин талдоону колдонушкан. Ошондой эле, тренерлер корпоративдик башкаруунун мыкты тажрыйбаларын колдонуу боюнча чет мамлекеттердин теориялары жана мисалдары менен бөлүшүшкөн.

ЖАҢЫЛЫККА ШИЛТЕМЕ: https://koom.press/news/65971