КАЗЫНАЛЫК ЖАНА САЛЫК САЛУУНУ ФИНАНСЫНЫ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

КАЗЫНАЛЫК ЖАНА САЛЫК САЛУУНУ ФИНАНСЫНЫ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 18 July 2024

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 31.07.2024, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Казыналык жана салык салууну финансыны башкаруу бөлүмү эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  •  Бухгалтердик эсеп; финансылык; экономикалык багыты боюнча жогорку билим (2019-жылдан 2024-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
  •  MS Office программасын жогорку деңгээлде билүү;
  •  Аналитикалык жөндөмдөр, чоң маалымат массивдери менен иштөө көндүмдөрү;
  •  Коммуникабелдүү болуу; 
  •  Командада иштей билүү;
  •  САР сертификаттардын болушу, advanced Excel, англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;

Милдеттер:

  • Баштапкы документтер менен иштөөгө көмөк көрсөтүү, реестрлерди системалаштыруу жана түзүү;
  • Текшерүүчү органдардын суроо-талаптары менен иштөөгө көмөк көрсөтүү, берилген документтер боюнча отчет берүү;
  • Таблицаларды толтуруу жана финансылык маалыматтарды талдоо, аткарылган сурамдардын, каттардын абалын көзөмөлдөө, кагаз жана электрондук түрдө берилген маалыматтарды макулдашуу;
  • Салык жана статистикалык отчетторду даярдоодо көмөк көрсөтүү;
  • Казына жана салык бөлүмүнүн ишине тиешелүү башка милдеттер.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарыдагы кеңсе
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2024-жыл 31-июль саат 16.00 кечикпестеншилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.