ФИНАНСЫЛЫК БАШКАРМАЛЫГЫНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ФИНАНСЫЛЫК БАШКАРМАЛЫГЫНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 15 July 2024

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 29.07.2024, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Финансылык башкармалыгына эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Жогорку финансылык жана экономикалык билим (2019-жылдан 2024-жылга чейин университеттин бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
  • MS Office программасынын ишенимдүү колдонуучусу, Excel программасын мыкты билүү;
  • Кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүнү каалоо;
  • Позитивдүү эмоционалдык мамиле;
  • Мыкты аналитикалык көндүмдөр, чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү;
  • Тил табыша билүү, командада иштей билүү, аткаруучулук;
  • Финансы бөлүмүндө жаңы билим жана тажрыйба алууга умтулуу;
  • Оргтехника (принтер, сканер, көчүрүүчү машина) менен иштөө тажрыйбасы;

Милдеттер:

  • Финансы бөлүмүнүн иши менен таанышуу;
  • Отчетторду даярдоого көмөк көрсөтүү;
  • Документтер менен иштөө жана иш кагаздарын жүргүзүү;
  • Техникалык, административдик жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүү;
  • Бөлүмдүн кызматкерлерине күнүмдүк тапшырмаларды аткарууга жардам берүү.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
  • Такшалманын графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 29-июлунда 16:00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.