«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Жарыяланган: 06 July 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов компаниянын медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады!

«Урматтуу кесиптештер,

Сиздерди компаниянын жетекчилигинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! “Ден соолук кадырын ооруган жан билет”-дейт. Компаниябыздын кызматкерлеринин саламаттыгы үчүн жасап жаткан ишиңер, ар бирибиздин ден соолугубузга көргөн камкордугуңар бүтүндөй Кумтөрдүн ишмердүүлүгүндө мааниси чоң.

Компаниябыздын негизги операциялык ишмердүүлүгү бийик тоолуу шарттарда жүргүзүлөөрүн эске алып, биз кызматкерлерибиздин ден соолугуна өзгөчө көңүл бурабыз. Профессионалдар топтолгон биздин ишкананын медицина кызматкерлери Гиппократтын антын бузбай, коюлган милдеттерин жогорку кесипкөйлүк менен мыкты аткарып келе жатышат!

Кесиптик майрамыңыздарда сиздерге, чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык, ишиңиздерге жана жеке жашооңуздарга зор ийгиликтерди каалайм!»

Белгилей кетсек, КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин чечими менен кынтыксыз эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн «Кумтөр Голд Компанинин» эки кызматкери – «Кыргыз Республикасынын медицинасынын отличниги» төш белгиси жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Мындан тышкары, ишкананын медициналык бөлүмүнүн кызматкерлерине «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилигинин атынан грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.