КГК ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ “FLSmidth” КОМПАНИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ АЛЕКСЕЙ КУТИЛИН МЕНЕН ЖОЛУКТУ

КГК ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ “FLSmidth” КОМПАНИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ АЛЕКСЕЙ КУТИЛИН МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Жарыяланган: 20 June 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов “FLSmidth” компаниясынын Борбордук жана Түндүк Африка боюнча вице-президенти Алексей Кутилин менен кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Алмазбек Барыктабасов “FLSmidth” компаниясынын тоо-кен тармагы үчүн заманбап жабдууларды жеткирүү, өндүрүштүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн акыркы технологиялык чечимдерди ишке ашыруу сыяктуу багыттардагы сунуштарын кылдат карап чыгаарын айтты.

Өз кезегинде Алексей Кутилин “FLSmidth” менен «Кумтөр Голд Компанин” буга чейинки кызматташтыгы жемиштүү болгондугун, мындан ары дагы компаниялар ортосундагы мамилени жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бир катар тармактар боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашты. Жолугушуу “MINEX Central Asia 2024” X тоо-кен – геологиялык форумунун алкагында өттү.

Маалымат үчүн: “FLSmidth” – башкы кеңсеси Копенгагенде (Дания Королдугу) жайгашкан трансулуттук компания. 1882-жылы 2-январда негизделген бул компания тоо-кен өнөр жайы үчүн түрдүү технологияларды жеткирген жана технологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн баардык түрүн аткарган, экологиялык таза өндүрүшкө басым жасаган өз тармагынын лидери.