«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» МЕНЕН «МЕТСО» ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮШТУ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» МЕНЕН «МЕТСО» ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮШТУ

Жарыяланган: 19 June 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов менен «Метсо» компаниясынын президенти Маркку Терасвасара (Финляндия Республикасы) «Кумтөр Голд Компани» ишканасын алтынды жоопкерчиликтүү казып алуунун улуттук платформасы катары өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык меморандумуна кол коюшту.

Меморандум «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому менен «Метсо» компаниясынын ортосундагы КГКнын стратегиялык долбоорлорун ишке ашырууга жана жалпы эле Кыргыз Республикасынын металлургия тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

Негизги көңүл калдыктарды кайра иштетүүдө жана татаал рудалардан алтын алууда экологиялык таза көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн технологиялык процесстерди жана ыкмаларды жакшыртуу, модернизациялоо маселелерине бурулду.

Баса белгилей кетүүчү жагдай, компаниялар ортосундагы бул кызматташтык тоо-кен тармагындагы экологиялык жактан коопсуз жана келечектүү долбоорлорду өнүктүрүп, жакшыртууга багытталган.

Маалымат үчүн: “Метсо” – пайдалуу кендерди кайра иштетүүдө жана рудалык эмес материалдарды өндүрүүдө ар тараптуу чечимдери, кызмат көрсөтүүлөрү жана заманбап технологиялары менен өзгөчөлөнгөн дүйнөлүк лидер компания.

Башкы кеңсеси Финляндиянын Эспоо шаарында жайгашкан. “Метсо” компаниясы дүйнөнүн 50 мамлекетинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, кызматкерлеринин саны 17 миңден ашат. 2023-жылдагы сатууларынын көлөмү 5,4 миллиард еврону түзгөн.