ФОТОРЕПОРТАЖ — АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНЫН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

ФОТОРЕПОРТАЖ — АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНЫН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Жарыяланган: 07 May 2024

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кен жайына барды.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров Алтын ылгоочу фабрикада, калдык сактоочу жайда, борбордук карьерде болуп, андан соң ишкананын оор техникаларды оңдоочу жайына барып, жаңы экскаваторлорду куроо жана май куйуучу бекеттерди жана кампаларды автоматташтыруу иши менен таанышты.

Минкаб Төрагасы Акылбек Жапаров ишкананын жетекчилик курамы менен жыйын өткөрүп, кендин үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштешинин, коюлган бардык пландардын аткарылышынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Кен өлкө менчигине өткөндөн бери алгылыктуу бир топ жакшы өзгөрүүлөр орун алууда. Мындан да жакшы ийгиликтерге жетүүгө тынымсыз аракет кылуу керек. Кумтөрдүн натыйжалуу иш жүргүзүүсү мамлекет үчүн өзгөчө маанилүү», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жетекчиси Алмазбек Барыктабасов белгилегендей, учурда «Кумтөр» кен жайында жер астынан алтын казып алуу долбоорун ишке ашырууга кызуу даярдыктар жүрүп жатат.

«Жер астынан алтын казуу долбоорун ишке ашыруу менен кошумча 115 тоннага жакын алтын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле калдык сактоочу жайдан дагы алтын алууну пландап жатабыз. Мындан тышкары, 17 тоннадан ашык алтындын запасы бар Тоголок алтын кенин өздөштүрүү боюнча иштер активдүү уланып, Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштери жүрүүдө», – деди компания жетекчиси.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча компания 13 567 кг алтын өндүрүп, өлкөнүн бюджетине салыктар, социалдык жана башка төлөмдөр түрүндө 17,2 миллиард сом которгон. Мындан сырткары, 2022-жыл үчүн дивиденд түрүндө өлкө бюджетине 140 млн доллар төксө, быйыл 2023-жыл үчүн 151 млн доллар которот.