ЗАО «Кумтор Голд Компани» төмөнкү бош кызмат ордун жарыялайт Кадрларды башкаруу боюнча адис (Бишкек ш. кеңсе)
Жарыяланган: 26 June 2023
Билдирүү номери: KGC-23-106
ИШ-МИЛДЕТТЕРИ:
- Кадрдык иш кагаздарын жүргүзүү (эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык кызматкерлерди кабыл алуу, которуу, бошотуу);
- Кадрдык курамды эсепке алуу; эмгек ишмердүүлүгү, стажы жөнүндө маалымкаттарды тариздөө;
- Эмгек китепчелерин жүргүзүү жана сактоо; жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо;
- Пенсия дайындоо, камсыздандыруу стажын тастыктоо үчүн документтерди даярдоо;
- Кызматкерлердин жумуш убактысын уюштуруу жана эсепке алуу, өргүүлөрдүн графигин түзүү; мыйзамдык жана кадрдык маалымат базаларын жүргүзүү;
- Тартиптик жаза берүү же кызматкерлерди сыйлоого көрсөтүү үчүн керектүү документтерди даярдоо;
- Эмгек тартибинин сакталышын, ички эмгек тартибинин эрежелерин, буйруктардын өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө; маалымат чогултуу жана кадрлардын алмашуусунун себептерин талдоо.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Жогорку билим (каржы, юриспруденция, менеджмент, уюштуруу психология адистиги боюнча);
- Кадрларды башкаруу жаатында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- КР эмгек мыйзамдарынын ченемдерин жана компаниядагы кызматкерлердин эмгек ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу башка ченемдик-укуктук актыларды билүүсү;
- Кадрдык башкаруу көндүмдөрү (кызматкерлердин өздүк делолорун түзүү, жумуш убактысын эсепке алуу табелин жүргүзүү, жумушчулардын кыймылы боюнча отчетторду даярдоо ж. б.);
- Компаниянын ичинде жумушчулардын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик документтерди иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү;
- Отличные знания и практическое использование в работе MS Office (Excel-уверенный пользователь);
- MS Office мыкты билүү жана практикада колдонуу (Excel -ишенимдүү колдонуучу);
- Сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөөнү билүү;
- Кыргыз, орус тилдерин билүү милдеттүү (англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат);
- Чоң маалымат массивинде иштей билүү, командада иштөө.
- Стресске туруктуулук, тыкандык жана жоопкерчилик.
Анкета жана резюме 2023-жылдын 10-июлуна чейин, саат 16:00-дөн кечиктирбестен HR@kumtor.kg электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-23-106
ЭСКЕРТҮҮ! БИЛДИРҮҮНҮН НОМЕРИ КАТТАРДЫН ТЕМАСЫНДА КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.