ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 29 July 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Оор техниканын техтейлөөсүнүн (ОТ ТТ)пландоо бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Талаптар:
- “Инженер механик” же байланыштуу багыттар боюнча жогорку техникалык билим (2016-жылдан 2021-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн өтүнүчтөр кабыл алынат);
- Оор техниканы тейлөө боюнча мыкты көндүмдөрү болуу;
- Адистиги боюнча иш тажрыйбасы болуусу же практика өтүүсү артыкчылыкка ээ болот;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- “Microsoft Office” программаларынын ишенимдүү колдонуучусу;
- Англис тилин мыкты билүү;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Жабдууларды тейлөө жана оңдоо боюнча жазууларды жүргүзүү;
- Документацияны жана аткарылган иштер (оңдоо жана тейлөө иштери) боюнча отчеттуулукту жүргүзүү;
- Запастык бөлүктөрдүн мониторинги жана буйруктарды тариздөө;
- Бузулууларды азайтуу үчүн кайталанган бузулууларды байкоо жана аныктоо;
- Жабдууларды көзөмөлдөө жана өз убагында текшерүү;
- Запастык бөлүктөрүн сатып алуу үчүн реквизицияларды архивдөө;
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 15-август саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.