КЫРСЫКТАН САКТОО КЫЗМАТЫНЫН ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУ УНААНЫН АЙДООЧУСУ
Жарыяланган: 22 July 2022
Жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Кырсыктан сактоо кызматынын өрт өчүрүүчү-куткаруучу унаанын айдоочусу
Билдирүүнүн номери: KGC-22-207
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Өрт өчүрүүчү-куткаруучу унааларды дайым даяр абалда кармоо;
- Эмгекти коргоо эрежелерин сактоо менен атайын агрегаттарда жана механизмдерде иштөө;
- Туруктуу өрт өчүрүүчү-куткаруучу унааларды алмаштырууда, эгерде кемчиликтер бар болсо текшерүү, аларды жоюу боюнча чараларды көрүү;
- Куткаруучу жана гараждык техниканы колдонуу эрежелерин сактоо жана бекитилген техниканы эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө;
- Жумушчулар менен өрт өчүрүүчү-куткаруучу унаалардын тактикалык жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча сабактарды өткөрүү;
- Өздүк курамды унаага отургузуу жана өрт өчүрүүчү-куткаруучу техникалык каражаттарын жайгаштыруу эрежелерин сактоо;
- Өзгөчө кырдаалдарда бөлүнгөн өрт өчүрүүчү жана куткаруучу унааларды эффективдүү пайдалануу;
- Радиобайланыш аркылуу маалымат алмашуу эрежелерин билүү жана сактоо;
- Коопсуздук эрежелерин жана өндүрүштүк санитарияны сактоо менен белгиленген тартипте бекитилген унаалардын техникалык тейлөөсүн жүргүзүү.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Орто (атайын-орто) же кесиптик билими болуу;
- В жана С категорияларындагы айдоочулук күбөлүккө ээ болуу;
- Ушундай кызматта 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуу;
- Өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруучу унааларды коопсуз башкаруунун негиздерин билүү;
- Өрт өчүрүүчү-куткаруучу унааларга өздүк курамды отургузуу жана ташуу эрежелерин билүү, өрт өчүрүүчү-куткаруучу унаалардагы жана алардын базалык шассилерине бекитилген атайын бөлүмдөрдүн, механизмдердин жана түзүлүштөрдүн ишин жана аларды тейлөө эрежелерин билүү;
- Өрт өчүрүүчү-куткаруучу унаалардагы атайын үн жана жарык сигналдарын колдонуу эрежелерин билүү;
- Өрт өчүрүүчү-куткаруучу унааларды тейлөө жана учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүүдө колдонулган гараждык жабдууларды колдонуу эрежелерин билүү;
- Өрт өчүрүүчү-куткаруучу унааларды техникалык тейлөөдө, оңдоодо жана пайдаланууда эмгекти коргоо, өрт коопсуздугу, өндүрүштүк санитария, айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин билүү;
- Microsoft Office программаларын колдоно билүү;
- Способность выполнять работу в установленные сроки, целеустремленность, внимательность, стрессоустойчивость и коммуникабельность.
- Ишти өз убагында аткаруу жөндөмдүүлүгү, максатка умтулуу, кунт коюу, стресске туруктуулук жана баарлашуу жөндөмү болуу.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 04-август саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-207
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.