ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 22 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында АЫФтын Техникалык тейлөө бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар: 

  • “Инженер механик” же “Химиялык инженерия” багыттары боюнча жогорку билим (2016-жылдан 2021-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
  • Адистиги боюнча иш тажрыйбасы болуусу же практика өтүүсү артыкчылыкка ээ болот;
  • Фабриканын технологиялык жабдууларын техникалык тейлөө боюнча мыкты көндүмдөрү;
  • Компьютердик программаларды билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер: 

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • Жабдууларды тейлөө жана оңдоо боюнча жазууларды жүргүзүү;
  • Документтерди жүргүзүү жана аткарылган иштер боюнча отчеттуулук (оңдоо жана тейлөө);
  • Запастык бөлүктөрдү сатып алуу үчүн талаптарды архивдөө;
  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисине жумуштун жүрүшү, аныкталган бузулуулар, окуялар, ишке ашпаган окуялар ж.б. жөнүндө өз убагында маалымат берүү.
  • Жетекчинин башка көрсөтмөлөрүн аткаруу.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү-2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.