ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 22 April 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Балыкчы өткөөл базасынын камсыздоо бөлүмүндө такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Талаптар:
- “Логистика ” , “Материалдык-техникалык камсыздоо”, “Экономика” багыттары боюнча жогорку билим (2016-жылдан 2021-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
- Адистиги боюнча иш тажрыйбасы болуусу же практика өтүүсү артыкчылыкка ээ болот;
- Microsoft Office жана компьютерде мыкты иштей билүү.
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- Товардык-материалдык баалуулуктарды сактоо боюнча стандарттарды жана техникалык шарттарды билүү;
Милдеттер:
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
- Кампа операцияларды, сакталган товардык-материалдык баалуулуктар боюнча керектүү документтерди эсепке алууну уюштуруу;
- Кампа чарбасын башкарууну, жүктөө жана түшүрүү иштерин уюштуруу жана технологиясы;
- БӨБгө келген жүктөрдү кабыл алуу, жеткирүүчүдөн тиешелүү документтерди алуу жана өз убагында жана сапаттуу жүк түшүрүү иштерин камсыз кылуу;
- Инвентарды жана запастык бөлүктөрдү кабыл алуу, берүү жана жайгаштыруу;
- Жүктү жөнөтүү үчүн коштоочу документтерди тариздөө.
- Архив менен иштөө, документтерди издөө;
- Химиялык заттарды, материалдарды, запастык бөлүктөрдү жана инвентарларды кабыл алуу жана чыгаруу менен байланышкан накладнаяларды, кабыл алуу актыларын, квитанцияларды, күнүмдүк отчетторду жана башка документтерди түзүү;
- Системага заказдарды киргизүү;
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү-2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Балыкчы
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.