ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

Жарыяланган: 20 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасында Инфраструктура жана долбоорлор бөлүмүнө 2022-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Өндүрүштүк жана жарандык курулуш же Курулуш техникасы жана технологиясычектеш багыттардын 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Компьютерде жана MS Office, AutoCAD, MapInfo программалында иштей билүү;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Курулуш өндүрүшүнүн (жер иштерин, пайдубалдарды жана фундаменттерди даярдоо, металл конструкцияларынын монтажы, тосмо конструкцияларды орнотуу, чатыр жабуу иштери) ыкмаларын жана өзгөчөлүктөрүн үйрөнүү жана изилдөө;
  • Техникалык жабдууларды жана инженердик тармактарды орнотуу, имараттардын жана курулмалардын жана жабдуулардын пландык-тейлөө ремонт иштерин учурдагы кен иштетүү ишкана шарттарында жүргүзүү;
  • Курулуш объектинде курулуш жабдууларын, инструменттерди жана түзмөктөрдү коопсуз иштетүүнүн негизги техникалык өзгөчөлүктөрү жана ыкмалары менен таанышуу;

Практика шарттары:

  • Акы төлөнүүчү тажрыйба
  • Практика мөөнөтү – 3 ай
  • Практика өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.