ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
Жарыяланган: 20 April 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасында Айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнө 2022-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун“Жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу”, ” же “Өндүрүштүк экология” же чектеш багыттардын 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
- Чет тилдерди билүү артыкчылыкка ээ болот;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- ПК, MS Office жана башка программаларды колдоно билүүсү кубатталат;
- Коммуникация түзүү жөндөмдөрү болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Экологиялык долбоорлорго катышуу;
- Пробаларды даярдоо жана көз карандысыз лабораторияларга жөнөтүү;
- Бөлүмдүн лабораториясында экспресс анализдерди жүргүзүү;
- Сууга, жер кыртышына, абага, флорага жана фаунага экологиялык мониторинг жүргүзүү;
- Калдыктарды жөндөө программасына катышуу.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү тажрыйба
- Практика мөөнөтү – 3 ай
- Практика өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.