ИНЖЕНЕР-СМЕТЧИК (КУМТӨР КЕНИ)
Жарыяланган: 18 February 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Инженер-сметчик (Кумтөр кени)
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0345
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Пландаштырылган жана аткарылган курулуш-монтаждык иштер боюнча баштапкы эсеп документациясын түзүү;
- Түзүлгөн жана макулдашылган баштапкы долбоордук-сметалык документация боюнча каржылоого өтүнмөлөрдү (заявкаларды) даярдоо;
- Аткарылган курулуш-монтаждык иштерин эсепке алууну мыктылоо/жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Курулуш-монтаждык иштерди аткарууда колдонулган материалдык-техникалык ресурстардын наркын аныктоо;
- Эмгек рыногунда сунуштарды чогултуу жана талдоо;
- Материалдык-техникалык ресурстарын жана субподряд иштерин жеткирип берүүчүлөрүн тандоо боюнча материалдык-техникалык негиздемеси;
- Материалдык-техникалык ресурстарды камсыздоо жана субподряд келишимдерин аткаруу боюнча келишим долбоорлорунун экономикалык бөлүгү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Колдонулган материалдык-техникалык ресурстардын чыгымдарын эске алуу менен иш наркынын калькуляциясын түзүү;
- Кошумча курулуш-монтаждык иштердин зарылдыгын жана алардын төлөм мүмкүнчүлүгү жөнүндө келишимдин шарттарын талдоо;
- Каражат сарптоолорун көзөмөлдөө.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Курулуш тармагындагы жогорку билим;
- Адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы болуу;
- Тиешелүү сертификаттардын болуусу;
- Өндүрүш технологиясын жана курулуш-монтаждык иштердин ыкмаларын билүү;
- СНиП, ГОСТ, эмгекти коргоо жана коопсуздук техника ченемдерин, ошондой эле AutoCAD/Archicad программаларын билүү. MS Project, MS Office, сметалык документацияны даярдоо;
- Чиймелерди окуу жөндөмдөрү;
- Жогорку деңгээлде ишке жарамдуулук, энергиялуулук, чыдамкайлык, тырышчаактык, чечкиндүүлүк, максатка умтулгандык, так болуу, стресске туруктуулук жана коммуникабелдүүлүк;
- Көйгөйлөрдү чечүүнүн приоритеттерин жана ырааттуулугун аныктоого жөндөмдүү болуу.
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
Анкета жана резюмени 2022-жыл 04-март саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0345.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.