ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ
Жарыяланган: 18 February 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Долбоордук бөлүмүндө (гидротехник-гидроэнергетик) эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Талаптар:
- “Гидротехникалык курулуш”, “Гидроэнергетика объектилерин куруу”, “Гидроэнергетика”, “Гидроэлектростанцияларынын жабдуулары”, “Энергетика объектилерин башкаруу” багыттарынын бири боюнча жогорку билимге ээ болуу (ЖОЖду 2021-жылы бүтүрүү);
- ПКда иштей билүү, MS Office программаларын (анын ичинде Visio Project), 1С делопроизводство же анын аналогдорун, 1C УПП же аналогдорун, AutoCAD жана Primavera (артыкчылык) программаларын билүү;
- Натыйжалуу байланыш түзүүгө (коммуникация) жөндөмдүү болуу;
- Позитивдүү ой жүгүртүү;
- Иш сапарларга мүмкүн болушунча даяр болуу;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык, тартиптүүлүк жана стресске туруктуулук;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Долбоорлорду уюштурууга жана башкарууга байланыштуу маселелерди изилдөө жана түшүнүү;
- Гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн керектүү материалдарды даярдоо;
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү-2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
Төмөндөгү шилтемеге өтүп, анкетаны толтурууга жана керектүү докуметтерди тиркөөго болот. Анкетаны толтуруу, 2022 жылдын 9 март, саат 17.00гө чейин мүмкүн.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.