ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
Жарыяланган: 01 June 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан ЭЛЕКТРОТЕХНИКАЛЫК КЫЗМАТ бөлүмүнө 2021-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Электроэнергетика жана электротехника», «Реле коргоо жана электроэнергетикалык системаларды автоматташтыруу», «Электрикалык станциялар», «Энергиянын жаңыланма булактары» багыттары боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Компьютерде жана MS Office программалында иштей билүү;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Орнотмолорду үйрөнүү жана тейлөө;
- Электр монтаж иштерин аткаруу;
- Электр жабдууларын жана орнотмолорун ишке киргизүү иштерин аткаруу;
- Жабдуулардын жана түзүлүштөрдүн бузуктарын жана кемчиликтерин аныктоо.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү тажрыйба
- Практика мөөнөтү – 2 ай
- Практика өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруп, окуу жайдан маалымкатты тиркөө керек. Анкетаны бул жерден алса болот.
- Анкетаны жана документтерди 2021-ж 15-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
- Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп көрсөтүү керек.
Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.