ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
Жарыяланган: 01 June 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан ТОО-КЕН ӨНДҮРҮШ БӨЛҮМҮНҮН ДИСПЕТЧЕРДИК КЫЗМАТ бөлүмүнө 2021-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Тоо-кен иши” же “Маалымат технологиялар” багыттары боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
- Компьютерде жана MS Office программалында иштей билүү;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
Милдеттер:
- Тоо-кен техника паркын башкаруу программасы менен таанышуу;
- Маалымат базасы менен иштөө;
- Отчеттор менен иштөө:
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү тажрыйба
- Практика мөөнөтү – 2 ай
- Практика өтүү жери – Бишкек
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруп, окуу жайдан маалымкатты тиркөө керек. Анкетаны бул жерден алса болот.
- Анкетаны жана документтерди 2021-ж 15-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
- Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп көрсөтүү керек.
Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.