Жарыяланган: 01 July 2019
Кабыл алуу жабык
«Кумтөр Голд Компани» маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүгө компанияларды жана жеке ишкерлерди кызматташтыкка чакырат.
«КГК» төмөнкү багыттар боюнча сервис-өнөктөш болгон же сертификацияланган адистери бар компаниялардан жана жеке ишкерлерден лоттор негизинде даярдалган сунуштарын карап чыгууга даяр:
Лот №1. VHF-радио байланыш кызматтарын колдоо – талап боюнча кɵрсɵтүлгɵн башкарылуучу кызматтар
КГК бир нече VHF ретранслятордук станцияларын башкарат жана алар Кумтɵр кенин, Бишкекти, Балыкчыны жана тɵмɵнкү маршрутту бойлой кеңири аймакты камтыйт: Бишкек – Балыкчы – түштүк автомобиль жолу менен Барскоон айылына жакын жайгашкан автобус станциясы – Кумтɵр кенине кеткен жол.
Бул системанын иштɵɵсүн камсыздап, керек болгондо пландалган мониторинг жана алмаштыруу/ тейлɵɵ кызматтарын камтыган техникалык колдоо талап кылынат.
Бул репитерлердин тейлɵɵсү жогорку деңгээлдеги коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү камсыздоо менен жүргүзүлүшү керек. Колдоо кɵрсɵтүү ичине радио системалар, күн жана башка стационардык энергия системалары, имараттар, кабельдер жана колдоочу жабдуулар кирет.
Каналдардын жана жыштыктардын бɵлүштүрүү планын түзүү, ошондой эле тоскоолдуктарды башкаруу бул кызматтардын негизги тапшырмасы болот.
Мобилдүү жана колго кɵтɵрмɵ VHF-радио байланыш станцияларын жеринен жана алып кетип тейлɵɵ жана оңдоо.
Ретрансляторлор алыс жана бийик тоолуу аймактарда жайгашкан. Провайдерлердин аталган шартта кызмат кɵрсɵтүү үчүн тиешелүү тажрыйбасы болуп жана коопсуздукту камсыздашы керек. Коопсуз транспорт, ЖКК жана жумушка керектүү аспап менен кызмат кɵрсɵтүүчү тарап ɵзү камсыздашы керек.
Кырсыктардын нɵлдүк кɵрсɵткүчүн камсыздоо максатында Кумтɵр уруксаттарды берүү жана уруксат процедураларын башкаруу укугуна ээ.
Кумтɵр кенине иштегени/сапарга бараткан жумушчулар медициналык жана коопсуздук бɵлүмдɵрүнүн кароосунан ɵтүшү керек.
Материалдар сатуучу же Кумтɵр тарабынан зарылчылыкка жараша берилет.
Керек болгон жабдуулардын толук тизмеси ийгиликтүү талапкер менен бирге түзүлɵт.
Талапкерлер сунуштарында тɵмɵнкү маалыматты кɵрсɵтүшү керек:
Лот 2. Принтерлерди тейлɵɵ – талап боюнча кɵрсɵтүлгɵн башкарылуучу кызматтар
Кумтɵр «HP» жана «Xerox» фирмаларынын басып чыгаруучу/ MFD-чɵйрɵсүндɵгү каражаттарын колдонот.
Кумтɵр кенинде, Балыкчы, Каракол жана Бишкекте талап боюнча кɵрсɵтүлгɵн жана активдүү тейлɵɵ кызматтары керектелет.
Өз убагында профилактыкалык текшерүү, түзɵɵ, скандоочу катмарларды тазалоо жана керек болгондо тетиктерди алмаштыруу талап кылынат.
Талап боюнча диагностика, калыбына келтирүү жумуштарын жеринде аткаруу. Бул жумуштар, жабдуу токтогондо, иштебей калганда жана башка дефектилери табылган учурда аткарылган механикалык, инженердик ремонттук иштерди камтыйт, бирок алар менен чектелбейт.
Кумтɵр кенине иштегени/сапарга бараткан жумушчулар медициналык жана коопсуздук бɵлүмдɵрүнүн кароосунан ɵтүшү керек.
Коопсуз транспорт, ЖКК жана жумушка керектүү аспап менен кызмат кɵрсɵтүүчү тарап ɵзү камсыздашы керек.
Кырсыктардын нɵлдүк кɵрсɵткүчүн камсыздоо максатында Кумтɵр уруксат берүү жана уруксат процедураларын башкаруу укугуна ээ.
Материалдар сатуучу же Кумтɵр тарабынан зарылчылыкка жараша берилет.
Талапкерлер сунуштарында тɵмɵнкү маалыматты кɵрсɵтүшү керек:
Лот 3. Желе түйүндɵрүн тейлɵɵ (LAN / WAN / Satellite) – талап боюнча
Аткарылуучу жумуштар:
Кумтɵр жез, оптоволокно, радиореле, спутник жана Wi-Fi технологияларын айкалыштырган LAN/WAN технологиясын колдонот.
Тандалган компания Бишкекте, Кумтɵр кенинде, Балыкчыда, Караколдо жана башка Кыргызстандын региондорунда талап боюнча алыстан жана жеринде желе түйүндɵрүн тейлɵɵ кызматтарын кɵрсɵтɵт.
Минималдуу талаптар:
Талапкерлер сунуштарында тɵмɵнкү маалыматты кɵрсɵтүшү керек:
Лот 4. Желеге кошулган UPS каражаттарын тейлɵɵ – башкарылуучу кызматтар
Аткарылуучу жумуштар:
Кумтɵр менчик системасынын жеткиликтүүлүгүн камсыздаган кɵп сандагы желеге кошулган APC UPS жабдууларын колдонот.
Кумтɵргɵ тɵмɵнкү кызматтарды кɵрсɵткɵн провайдер керек:
Бул жабдуулардын ишке жарамдуулугун камсыздаган жана керек болгондо мониторинг менен алмаштыруу/тейлɵɵ кызматтарын камтыган техникалык колдоо талап кылынат.
Тендердин катышуучулары сунуштарында тɵмɵнкү маалыматты кɵрсɵтүшү керек:
Келишим баашында 1 жылга чейин созулат.
Коммерциялык сунуштоолор ар бир лот үчүн өзүнчө берилиши керек. Талапкерлер бир же бир нече лотко сунуштоо жиберүүгө укуктуу.
Кен-жайда иштегенге/барганга туура келген адистер медициналык кароодон жана коопсуздук текшерүүлөрдөн өтүүсү талап кылынат.
Кошумча техникалык маалыматка муктаж болгон талапкерлер алгач өздөрүнүн алдын-ала сунуштоолорун жибериши керек. Мындай алгачкы сунуштоодо мүнөздөмөлөр, сертификаттар, өнөктөштүк тууралуу маалымат жана талап кылынган техникалык маалымат амтылышы зарыл.
Кошумча техникалык маалымат жашыруун (конфиденциалдуу) болгондугу үчүн КГКнын чечими менен ишенимдүү талапкерлерге гана берилет.
Суроо-талаптарыӊызды KGC.supplychain@centerragold.com электрондук дарегине 2019-ж. 19 июль, саат 17:00 чейин жиберсеӊиз болот.
Коммерциялык сунуштарды, чапталган жабык конверттин ичинде жана «IT кызматтары боюнча сунуштоо, Лот №… » деген жазуусу менен 2019-ж. 19 июль, саат 17:00 чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 24, «Учкун» имараты, 10-кабат.
КГК ишканасы тапшырылган баа сунуштарды толугу менен же кандайдыр бир бөлүгүн гана кабыл алуу жана КГКнын пикири боюнча эң мыкты болуп табылган талапкерлерди тандоо укугун сактайт. Талапкерлердин бул сынак боюнча чыгымдарын кайра кайтарып берүү доолору/талаптарын КГК ишканасы кабыл албайт.