«Кумтөрдүн» колдоосунда Балыкчы шаарында ишембилик өткөрүлдү

«Кумтөрдүн» колдоосунда Балыкчы шаарында ишембилик өткөрүлдү

Жарыяланган: 02 May 2018

Өткөн ишембиде, 2018-жылдын 21-апрель күнү Балыкчы шаарында массалык ишембилик болуп өттү. Акция, «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасынын колдоосу алдында өтүп, шаардын мэриясы менен «Жашыл билик» Коомдук Фонду тарабынан уюштурулган. Ишембиликке шаардын тургундарынан, муниципалитеттин жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрүнөн, жана ошондой эле жеке ишканалардын кызматкерлеринен 750 адам катышты.


КГК ар дайым бул сыяктуу акцияларды өткөрүү боюнча, жергиликтүү уюмдардын демилгелерин колдоого аракет кылат. 2018-жылдын ичинде компания, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда бир катар ишембиликтерди өткөрүүгө жардам көрсөткөн. Мындай акциялардын баардык катышуучулар үчүн, ишканабыз таштанды чогултууга каптарды жана кол каптарды берет.
2018-жылы, КГКнын колдоосу менен, «Жашыл чекит» долбоорунун алкагында, Ысык-Көл облусунда КГКнын каржылык колдоосу менен ишке ашырылган, ишембиликтер болуп өткөн. Долбоордун алкагында жай мезгилинде облустта кайра пайдаланылуучу чийки заттарды кабыл алуучу алты пункт иштейт, ал жерге туристтер жана жергиликтүү тургундар кагаз, айнек жана пластикти тапшыра алышат.
«Бул айдын ичинде биз, шаар боюнча ишембиликтерди өткөрүп келгенбиз. Бул акцияга чейин эң көйгөйлүү аймак болуп таштандылар полигонунун тегерегиндеги жерлер жана ошондой эле шаардын түштүк багытындагы жолдун боюу калган болчу. Полиэтилен баштыктары такай болуп турган шамалдын айынан бир нече километрге чейин жайылып кеткендигинен улам бул акцияга мүмкүн болушунча көбүрөөк катышуучу тартуу зарыл болчу. Мындай масштабдагы акция бир нече жыл мурда өткөн, жана биз «Кумтөр» ишканасынын жардамы менен бул экологиялык акцияны чогу-чаран өткөрүп алгандыгыбыз үчүн абдан чоӊ кубанычтабыз”, – деп белгиледи, Балыкчы шаарынын биринчи вице-мэри, Алишер Табалдиев.
«Мен өз шаарымды абдан сүйөм, жана ал ар дайым таза болушун каалайм. Бул иш-чараны мынча көп шаардыктар колдогонуна кубанып жатам жана бир пикирде болгон ушунча көп киши бар экенин көрдүм”, – деп белгиледи акциянын катышуучусу Адилет Бейшеналиев.