Жарыяланган: 29 August 2023
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 12.09.2023, 16:00го чейин.
“Кумтор Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт:
Delphi иштетүүчү (Бишкек ш. кеңсе)
Билдирүүнүн номери: KGC-23-139
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
— C#, Java, VB, JavaScript тилдеринде программалоо тажрыйбасы;
— маалыматтык технологиялар, программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли боюнча алдыңкы тажрыйбаларды, COBIT, ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK стандарттарын бирин колдонуу боюнча билими жана көндөмдөрү;
— стандарттарды, процесстерди, иштеп чыгуу куралдарын, тестирлөөнү, процесстердин метрикасын жана коддун сапатын чогултууну билүү (CI/CD, DevOps техникалык практикалары, Open Stack), пландаштырылган көрсөткүчтөргө жетүү жана контролдоо көндөмдөрү;
— T-SQL (MS SQL) суроо-талаптар тилин терең билүү;
— MS SQL Server, бөгөт коюу жана бүтүм механизмдери, индекстер, натыйжалуулугун оптималдаштыруу ыкмалары, ж.б. өндүрүмдүүлүк маселелери боюнча терең билими жана тажрыйбасы,
— 1С 8.х платформасында администратор/иштеп чыгуучу/архитектор ролунда иш тажрыйбасы, 1С маалымат базасынын түзүлүшүн MS SQL деңгээлинде билүү жана 1С платформасынын MS SQL менен өз ара аракеттешүүнүн принциптерин билүү,
— UML билүү: UML-диаграммаларын түзүүдө тажрыйбасы.
– Орус тили – эркин;
– Кыргыз тили – кубатталат;
– англис тили – орто (Upper Intermediate) же жогорку деңгээлде (Advanced) билүү.
Анкета жана резюме 2023-жылдын 12-сентябры саат 16:00дөн кечиктирилбестен HR@kumtor.kg электрондук дарегине берилиши керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА KGC-23-139 БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
АҢГЕМЕЛЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.