МАК-КАМАЗ ООР ЖҮК ТАШУУЧУ УНААНЫН АЙДООЧУСУ (БАЛЫКЧЫ ӨТКӨӨЛ БАЗАСЫ)
Жарыяланган: 17 October 2022
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Мак-Камаз оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу (Балыкчы өткөөл базасы)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-242
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Жүктөрдү белгиленген багыты боюнча жеткирүү;
- Унаанын сапар алдында/жумуш алдында кароосун жүргүзүү;
- Унаага белгиленген коопсуздук эрежелерине ылайык май куюу, слесарь тарабынан техникалык кароодон өткөрүү;
- БПБнын аймагында жана Кумтөр кенине келгенде, КК өткөрүү пункттарында, кен жайда, бардык зарыл болгон аймактарда жана кенден чыгып баратканда ЖКК колдонуу. Маршрут боюнча жүрүп баратканда кабинадан тышкары зарыл болгондо: оңдоо жана башка жумуштарды аткарууда ЖКК колдонуу;
- Унааны техникалык бузуксуз жакшы абалда кармоо, ошондой эле айдоо алдында анын техникалык абалын текшерүү;
- Унаа айдап баштаганга чейин жана кыймыл учурунда жүктүн жылып, кулап кетишине же кыймылга тоскоолдуктарды жаратуусуна жол бербөө максатында жүктүн жайгаштырылышын, бекитилишин, жана абалын текшерүү; транспорт каражатына жүктүн коопсуз бекитилишине, жана ошондой эле ташуу учурунда анын коопсуздугу үчүн унаанын айдоочусу жооптуу болот;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталган бардык жол эрежелерин сактоо, жол жана аба-ырайынын абалын эске алуу менен кыймылдын ылдамдыгы тандоо керек, башкача айтканда, жол начар болгондо жана жол көрүнбөгөн шарттарда кыймылдын ылдамдыгын төмөндөтүү керек, төмөнкү ылдамдык чектөөлөрүн сактоо керек;
- Унааны техникалык бузуксуз жакшы абалда кармоо, ошондой эле айдоо алдында анын техникалык абалын текшерүү;
- Машиненин кабинасын таза жана тыкан сактоо; компаниянын мүлкүнө кам көрүү;
- Артка айдаганда коопсуздук эрежелерин сактоо;
- Компания тарабынан каралган окутуу курстарынан өтүү;
- КГКнын эрежелери менен нормаларын сактоо;
- Транспорттоо учурунда жүктүн коопсуздугун камсыз кылуу.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- В, С, Е категорияларындагы айдоочулук күбөлүк
- Кыргыз Республикасынын жол кыймыл эрежелерин билүү;
- Прицеби бар жүк ташуучу унааны айдоо эрежелерин билүү;
- Түзүлүшүн, иштөө принциптерин, техникалык мүнөздөмөлөрүн жана колдонуу эрежелерин билүү;
- Тоолуу шарттардагы жүк ташуучу унаалардын мүнөздөмөсүн билүү;
- Жүк түшүрүү жана жүктөө үчүн унааны берүү эрежелерин билүү;
- Кооптуу жана чоң эмес жүк ташуу эрежелерин билүү.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 30-октябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-242.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.